Ош: айрым маршруттук каттамдар жол акыны мыйзамсыз жогорулатып алышкан

Ош шаарына Мады айылынан келген маршруттук каттамдар жол акыны көтөрүп алды. Бирок жол кирени көбөйтүү үчүн айылдык кеңештин токтому болуш керек. Азыркы учурда айдоочулар жүргүнчүлөрдөн беш сомдон көп жол акы алып жатат. Мындай көрүнүш айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда пикир-келишпестик жаратууда. Каттамдарда жол акы кантип көбөйтүлгөн? 

Ош шаарына Мады айылынан каттаган №160, 161-маршруттук каттамдар жол акысына беш сом кошуп алган. №160 каттамда мурунку тариф боюнча Мады айылынан шаар ичине 20 сом болсо, азыркы тарифке ылайык 25 сом болуп калган. Шаарга каттап окуган окуучулар буларды айтып берди:

«Мен негизи 11-класста окуйм. Окуучу экеними айтып он сом берсем, айдоочулар албайт. 30 сом менен барып келем. Мурда 20 сом болчу да», -дейт Анара Абдувалиева. 

«Мен 161-маршрутка менен каттайм. Ал Жоош айылынан Буудалыкка чейин каттайт. Бир ай мурун окуучулар жол акыга он сом төлөчүбүз. Азыр эми 15 сомдон болуп калды.», -деди Мунира Касымова.   

№160 маршруттук каттамдын айдоочусу Муратбек Махаммадсаид уулу жол акыны мурункудай өлчөмдө алуу боюнча эскертүү берилгендигин билдирди. Бирок айрым себептерден улам учурунда жазуу кагазын ала албай калгандыгын түшүндүрдү. Айдоочу учурда жол акыны көтөрүү керек деп эсептейт. Ага күйүүчү майдын кымбат болуп жаткандыгын жүйөө келтирди.

«Көтөрүш керек болуп жатат. Күйүүчү май кымбаттап кетти. Унаалардын тетиктери да өтө кымбат болуп кетти. Башта 3000 сомго алган балондорду азыр 6000-7000 сомго алабыз. Азык-түлүк да көтөрүлүп кетти да. Бизге акча деле калбай атат». 

Ушул эле көрүнүш №161 маршрутттук каттамда да орун алган. Айдоочулар мурун 20 сом алган жерге, азыр 25 сом алып калган. Бул көрүнүшкө жашоочулар нааразычылыгын билдирип, учурда көтөрүлгөн наркты төлөөгө макул болуп калышкан.

«Мурда 30 болчу, азыр эми 35 сомдон төлөп жатышат. Бул акчаны бизди тейлеген ЖЧК кошкон», -деди №161 каттамдын айдоочусу Гүлам Парбеков. 

Айдоочулардын айткандары боюнча №161 жана 160-маршруттук каттамдардын жетекчилерине телефон аркылуу байланыштык. Анда алар айдоочуларга мурунку тариф менен акы алуу боюнча эскертүүлөр берилген деп билдиришти. Мындан сырткары Мады айылдык кеңешине тарифтин көтөрүлүүсүн колдоп  берүү боюнча кайрылышыканын кошумчалады. Бирок айылдык кенеш карабай жатат деп доо койду.

«Депутаттар токтом чыгарып бермейинче кошулган акчаны алып койгула делинген. Алар 121, 161 жана 305-маршруттук каттамдардын жол акысын көтөргөн. Алар көтөрүп жаткан болсо силер да көтөргүлө дегенбиз», -дейт «Бакал-Транс» ЖЧКсынын директору Мырзамат Чынгараев. 

Жол акы көтөрүлүшүнөн мурун эксперттер жол чыгымдарын эсептеп чыгат. Андан кийин жергиликтүү кеңештин депутаттары сессияга алып чыгып талкуулап, добушка коюу жолу аркылуу чечилет. Эгер, колдоо тапкан болсо, токтом чыгарылат. Токтом чыгарылбаса анда жол акы да көтөрулбөшү абзел. Мады айылдык кеңешинин төрагасы Бекболот Мадазимов болсо,  жоопкерчилиги чектелген ишканалардын арыздары каралганын билдирди. Жакын арада кезексиз жыйын уюштурулуп, маселе караларын айтты.

«Торгой-Булак, Чагыр, 6-7-километр деген айылыбыз бар. Жакында айылдык кеңеш жыйын өткөрүп, ошол жерде кабыл алынган протоколдорду алып келип, отурумдарды өткөрүп туруп мыйзам чегинде чечебиз. Болушунча маселени тездетебиз». 

Маршруттук каттамдарды иштеткен ЖЧКлар менен Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги келишим түзөт. Эгер, келишимдер толук кандуу аткарылбаса агенттик келишимди үзө алат. Ал эми айылдык кеңештин токтомусуз жол акыны ашыкча алуу мыйзамсыз деп эсептелет. Буга байланыштуу агенттик эскертүүлөр берилгенин билдирди.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*