УКМК Сулаймановдун кармалганы боюнча маалыматты төгүндөдү

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Алтынбек Сулаймановдун кармалганы боюнча маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу «Т-Медиага» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов билдирди.

Атайын кызмат Сулаймановдун суракка чакырылганын ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Мунун алдында «Кактус медиа» басылмасы Сулайманов дээрлик бир суткадан бери УКМКда сурак берип жатканын жазган. Ал 29-сентябрга оогон түнү кармалып, Тергөө башкармалыгына жеткирилгени айтылат. 

Эске салсак: 27-сентябрда Алтынбек Сулайманов кызматтан кеткенин жарыялаган. Ал мунун себебин жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткени менен түшүндүрүп, мындан улам убакытты текке кетирбөөнү чечкенин айткан.

Сулайманов быйыл 24-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал жаңы кызматка коюлганда аны президент кабыл алып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар тапшырмаларды койгону айтылган.

Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*