Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакта калтырылды

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралды. Сот министрди эки ай абакта калтыруу чечимин чыгарды.

Ал эми Бейшеналиев өзүнө карата коюлуп жаткан күнөөсүн моюнуна албай турганын айтып, пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин билдирди.

Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрдын түнү пара алууга шек саналып, Ички иштер министрлиги тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган. Маалыматка ылайык, ага карата чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жаткан.

Ал эми билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери 29-сентябрда өлкө бийлигине кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин ишин калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышкан.

Автор Максат Боронбаев 52 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*