Тендерфест 2022: жарандык коом менен ЖМКлар мамлекеттик сатып алууга көзөмөлдү күчөтүү үчүн биригишти

Бүгүн эки күндүк «ТендерФест 2022» иш-чарасына 50дөн ашык жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чогулуп, мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Катышуучулар кызматташуунун багыттарын, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча биргелешкен иликтөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу багыттарды аныктоонун үстүндө иштешти.

 Иш-чара «Ачык контракттар өнөктөштүгү», «Прецедент өнөктөштөр тобу» коомдук бирикмеси жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан биргелешип уюштурулган.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча айкындуулук жана отчеттуулук форумунун (МСАОФ) мүчөсү Б. А. Эстебесова өзүнүн форумду ачуу сөзүндө мындай деп белгиледи: 

«Кыргыз Республикасындагы сатып алуулар тутумуна көзөмөлдү күчөтүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү менен, жарандык коом жана ЖМКлар салык төлөөчүлөрдүн акчасын сарамжалдуу жана ачык-айкын сарпталышына көмөктөшө алышат».

 Эки күндүн ичинде катышуучулар мамлекеттик сатып алуулардагы ачыктыктын маанилүүлүгүн жана анын мониторингин, ошондой эле бул күч-аракеттер боюнча мамлекеттик сатып алуулар боюнча айкындуулук жана отчеттуулук форумунун ролун талкуулашты. 

Жыйынтыгында мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жүргүзүү үчүн коомдук аянтчаны түзүү жана мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча «жол картасын» илгерилетүү жолдору талкууланды. Ошондой эле ачык келишимдик маалыматтар стандарты форматындагы маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө «кызыл желектерди» кантип түзүү боюнча талкуу жүрдү.

 Журналист Давуровдун айтымында, «мурда коррупциялык схемалар менен ар ким өз алдынча  жалгыз күрөшүп келген, бирок азыр жарандык коом менен ЖМКлар мамлекеттик сатып алууларды натыйжалуураак көзөмөлдөө үчүн күч-аракеттерин бириктирүүгө чоң мүмкүнчүлүк алды».

Андан ары ал: «бири-бирибиз менен таанышып-билүүдөн тышкары, ТендерФест учурунда жарандык коомдогу кесиптештерибизден шектүү табыштамаларды автоматтык түрдө аныктоо үчүн колдонулуучу айрым мониторинг жүргүзүү инструменттери боюнча пайдалуу сунуш-пикирлерди уктук, аларды биз инструменттерибизди жакшыртуу үчүн колдонобуз», — деп белгиледи.

DevTech Systems, Inc тарабынан ишке ашырылып жаткан, ЮСАИДдин «Фискалдык отчеттуулук жана туруктуу соода» долбоору ТендерФести уюштурууда маанилүү роль ойноду. Долбоор өкмөткө мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууда колдоо көрсөтүүдө, ошондой эле жарандардын катышуусун жана мамлекеттик сатып алуулар тутумун көзөмөлдөөдө көмөктөшүүдө.

Кененирээк маалымат алуу үчүн nshinwari@devtechsys.com дареги боюнча Нияз Шинвариге (Niaz Shinwari) кайрылууӊузду өтүнөбүз.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*