
Жалал-Абад облусунда жайгашкан үйлөрдүн биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында өзгөчө ири көлөмдө баңги заттары табылган. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-сентябрда козголгон кылмыш иштин алкагында экспертизанын жыйынтыгында жалпы салмагы 833 граммды түзгөн «кургатылган марихуана» болуп чыккан.
Аталган баңги заттар табылган үйдүн ээси М.А.Д. аттуу жаран кармалган.
Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Оставьте первый комментарий