Өзгөн: Кемпир-Абад боюнча чогулгандар келишимди ачыкка чыгарууну талап кылышууда

29-сентябрда Өзгөн районунда 100дөй адам Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу чогулду. Алар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 26-сентябрда кол коюлган келишимди ачыкка чыгаруу талабын президентке жана парламентке коюшту. Жергиликтүүлөр суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп кетиши ыктымал деп кооптонуп жатат. 

Чогулгандар «Кемпир-Абадды бербейбиз», «Аягына чейин катуу турабыз» деген ураандарды айтышты. Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Абдылда Авазовдун билидиришинче, эл соңку документте кайсы маселеге кол коюлганын билгиси келет.

«Кемпир-Абад маселеси боюнча ошол суу сактагычтын айланасында жашаган айылдардан өкүлдөр келдик.  Булар ОшТВда берилген кабарды уккандан кийин аябай тынчызданып жатат. Чынында былтыр бул маселе козголгондо Куршабда 10 миңдей адам топтолгон. Ошондо Камчыбек Ташиев келип элдин пикирин уккандан кийин «Мейли, силер каалагандай болот. Кемпир-Абад маселеси илгерки бойдон калды» деп сөз берген. Элдин мүдөөсү ошол болчу. Ошол бойдон эл таркап кеткен. Андан бери бир жыл өттү. Маселе козголгон эмес. Көрсө ошондо эле кол коюлуп калган экен. Кечээ Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга келди. Ташиев экөө кол коюп, бирин-бири куттукташты. Эл аны көрдү. Бул таптакыр элдин мүдөөсүнө, каалоосуна туура келбейт. Элдин кааалаганы — Өзбекстан жакын кошунабыз. Сууну канча болсун пайдалана берсин. Азыр эмне үчүн суунун астындагы жерди сурап жатат? Биз өткөндө өкмөттөн элден сурап чечүүнү айтканбыз. Бирок андай болбоптур. Чогулган эл Жогорку Кеңешке кайрылып жатабыз. Алар маселени элдин тарабына чечип бериш керек», -дейт Авазов.

Аталган айылдын дагы бир тургуну Төлөгөн Турганбаев буга чейин бийлик өкүлдөрүнө, Жогорку Кеңештин депутаттарына кат менен кайрылышканын, бирок эч кимден жооп келбегенин айтып нааразы болду.

«Мыйзамды сактап, кайрыла тураган жерлердин баарына кайрылдык. Ушул боюнча бирөөсү да жооп берген жок. Азыр ушунча эл жооп күтүп турабыз. Мыйзам сакталбаса, элдин талабы аткарылбаса эмне кылышыбыз керек? 920 адам кол койгон кайрылууга бир да адам жооп бербей койду», -деди Турганбаев.

Жергиликтүү бийлик эмне дейт? 

Чогулгандардын алдына Өзгөн районун акими Шабдан Абыкаев чыгып сүйлөдү. Ал элди маселе жакшы жагына чечилди деп ынандырууга аракет кылган.

«900 горизонталга түшүрүлдү. Менин маалыматым боюнча, сууну бөлүштүрүү жагы Кыргызстан тараптан дагы Өзбекстан тараптан да болмой болду. Андан тышкары 1246 гектар жер Кыргызстанга өтүп жатат», -дейт ал.  

Кемпир-Абад суу сактагычы

Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрда Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жыйын өткөн. Анда чек арага байланыштуу жаңы келишимдин долбоорун баштоо тууралуу келишимге кол коюлган.

2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

26-мартта Ташиев Бишкекте маалымат жыйын куруп, Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

27-мартта президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 21-22-апрелде акцияга чыгып, үч боз үй тигишкен. 18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен.

Ошол эле жылдын 25-апрелинде Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айтып, «Элдин талабы — биз үчүн эң жогорку талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз», — деген.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*