ӨКМ: 120 миңден ашуун жаран үйлөрүнө кайтты

14 — 17 — сентябрдагы Тажикстандын кол салуусунан эвакуацияланган Баткен облусунун 120 миңден ашуун тургуну үйлөрүнө кайтты. Турак жайлары жараксыз болгон 16 миңден ашуун  жарандарга 8 мекемеде 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алар:

  • Баткен районунда 74 жеке жарандардын үйлөрү;
  • Кадамжай районунда 3 мекемеде 25 бөлмө, 33 жеке жарандардын үйлөрү;
  • Лейлек районунда 86 жеке жарандардын үйлөрү;
  • Кызыл-Кыя шаарнда 5 мекемеде 39 бөлмө;
  • Баткен шаарында 25 жеке жарандардын үйлөрү кабыл алууга даяр.

Жабыркаган турак үйлөрдүн аймактар боюнча саны:

Баткен шаары — 21;

Баткен району — 440;

Лейлек району — 169.

425  үй жашоого жараксыз абалга келген анын ичинен:

Баткен шаары — 1;

Баткен району — 319;

Лейлек району — 105.

205 ондоп түзөөгө муктаж анын ичинен:

Баткен шаары — 20;

Баткен району — 121;

Лейлек району — 64.

11 административдик, стратегиялык объектилер жабыркаган анын ичинен:

Баткен районунда 2 административдик, 4 стратегиялык объектилер;

Лейлек районунда 2 административдик, 3 стратегиялык объектилер;

28 социалдык объектилер жабыркаган анын ичинен:

Баткен шаарында 1 бала бакча;

Баткен районунда 11 мектеп, 10 бала бакча, 3 ФАП;

Лейлек районунда 1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП.

336 сарай жабыркаган анын ичинен:

Баткен шаары — 1;

Баткен району — 320;

Лейлек району — 15:

197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер жабыркаган анын ичинен:

 Баткен шаары — 1;

 Баткен району — 145;

 Лейлек району — 51.

61 унаа жабыркаган анын ичинен:

Баткен шаары — 1;

Баткен району — 30;

Лейлек району — 30:

Облус боюнча 88 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 80 турак үй,  жергиликтүү бийлик тарабынан 8 турак үй бузулуп тазаланган.

Баткен району боюнча 315 турак үй  жараксыз абалга келген. 43 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 41 турак үй,  жергиликтүү бийлик тарабынан 2 турак үй, бузулган.

Лейлек району боюнча 105 турак үй жараксыз абалга келген. 45 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 39 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 6 турак үй бузулуп кайра тазаланган.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*