
1-октябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16, Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 градусту түзөт. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 17…22 градус болот. Ал эми Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15, Нарында жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4 градус болору айтылды.
Ошондой эле абанын температурасы Бишкекте +13…+15 жана Ошто +20…+22 градуска жетет.
Оставьте первый комментарий