
Ички иштер министрлиги билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынгандан кийин, анын кармалышы боюнча маалымат таратты. Анда министр тергөөнүн жүрүшүндө пара катары алган 37 миң 500 долларды үйүнөн алып тергөө органдарына өткөрүп бергени айтылат.
Маалыматка караганда, учурда чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жатат.
«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттерге ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча өкмөттүн токтому керек. Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем деп 100 миң доллар алган. Бул окуя 2022-жылдын 28-август күнү болгондугу аныкталган. Андан соң токтом толук кандуу болбой калыптыр деп кайра кайрылганда, аны тездетиш үчүн дагы 10 миң доллар керек деп сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 2022-жылдын 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө министр пара катары алган 37 500 долларды үйүнөн алып, тергөө органдарына өткөрүп берди. Министрдин айтымында калган сумманы коротуп койгон. Аны таап, тергөө кызматына алып келүү милдеттенмесин алды. Калган маалымат тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча айтылбайт. Тергөө иш чаралары аяктаганда толук маалымат берилет», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Сотко отурумунун алдында Алмазбек Бейшеналиев журналистердин суроолоруна кыскача жооп берди. Ал күнөөсү жок экенин, жакында баары ачыкка чыгарын жана конверттеги акча билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилгенин айтты.
Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган. Бейшеналиевдин тарапкерлери муну «чагым» деп атап жатышат.
Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, министр министрдин иши калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышты. Кайрылуу президент Садыр Жапаровдун, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовдун атына жолдонду.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул иш ар тараптуу иликтенерин билдирген.
41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп экинчи ирет дайындалган.
Оставьте первый комментарий