
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-октябрь, Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Өлкө башчы өз сөзүндө улуу муундун өкүлдөрүнө татыктуу жашоо шартын түзүү, алардын коомго активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети экенин айтты.
«Бул багытта быйыл биз пенсияны жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн кыйла жогорулаттык. Кадырман карыларыбыздын узак жана дөөлөттүү жашоосун камсыз кылууга күч-аракетибизди жумшап жатабыз. «Карыны сыйласаң абийир табасың» деген накыл кеп бар. Биз баарыбыз улгаябыз, карылык ар бирибиздин башыбызда. Карыларыбызга кам көрсөк, ал Кудайдан кайтат. Сиздер турмуштун түрдүү даамын татып, ак-караны так ажыратып көзүңүздөр каныгып, оош-кыйыш кыйынчылыктарды бабалардан келе жаткан улуу нарк менен жеңип келдиңиздер. Биз сиздерден улуу наркты улап, андан ары алып кетүүнү үйрөнөбүз. Көптү көрүп көсөм болгон, салтты бузбай, каададан жазбай өмүр улаган өрнөктүү ата-энелердин көрөгөчтүгү, билгичтиги, акылы менен сабыры бизге ар дайым чоң сабак болот», -деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Жыл сайын 1-октябрда дүйнөдө улгайган адамдардын күнү белгиленет. Карылардын жашоосуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында бул күндү жыл сайын белгилеп туруу жөнүндөгү чечим 1990-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган. Жыл сайын бул күндү утурлай түрдүү кайрымдуулук акциялары уюштурулуп турат.
Оставьте первый комментарий