
«Т-Медиа» телеканалынын «Кең-Сайдан кемирилген миллиондор» аттуу иликтөөсү Кыргызстандагы сатып алуулар порталынан алынып жасалган эң мыкты журналисттик материал номинациясында биринчи орунду алды. Материалды кабарчыбыз Айжамал Түгөлбай кызы даярдаган.
Иликтөөдө Ош шаарынын чет жакасында жайгашкан Кең-Сай массивин өздөштүрүүдө бийликтин элге берген убадалары толук аткарылбай, долбоорду ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн 915 миллион сом кымырылып кеткени туура сөз болот.
Сынакты Open Contracting менен Школа Данных биргеликте өткөргөн.
Оставьте первый комментарий