Көк-Таш — Ак-Сай жолу: тажик тарап жардырган көпүрөнүн жанына альтернативдик көпүрө курулду

Баткен районунун Көк-Таш — Ак-Сай жолундагы тажик аскерлери тарабынан жардырылган 36 метрлик көпүрөнүн ордуна убактылуу темир көпүрө орнотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди. Айтымында, көпүрө жеңил жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө туруштук берет.

Маалыматка караганда, көпүрөнү «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө башкармалыгы курган.

«Бүгүндөн баштап бузулган 36 метрлик көпүрөнүн курулуш иштери башталат. Курулуш жумуштары эки айга чейин бүтөт деп жатабыз. Көпүрө кайсы жерде болсо, ошол жерге эле курулат, жылдырган жокбуз».

16-сентябрда Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун жетинчи чакырымындагы Дача – Чайхана тилкесинде Ак-Суу дарыясына курулган 36 метрлик көпүрөнү тажик аскерлери жардырып жиберишкен. 

Чек арадагы куралдуу кагылыш

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.

Кыргызстан кол салуудан 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, арасында жаш балдар менен аялдар бар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Ал эми Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптоодо.

20-cентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, тажик тарап былтыр 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындаган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*