Салык кызматы: үйүн же батирин ижарага бергендер салык төлөөгө милдеттүү

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар салык төлөшү керек. Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Бул тууралуу салык кызматы маалымат таратты. 

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Ага ылайык, салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөсө болот.

«Мамлекеттик салык кызматы мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат. Жарандар салык төлөбөй турак жайды ижарага бергендер тууралуу фактыларды (0312)613189, (0779)613189 (Whatsapp) ишеним телефону аркылуу жана 116 номери боюнча билдире алат. Ошондой эле аймактык салык органдарына кайрылса да болот. Салык төлөбөгөндүгү аныкталган учурда жеке жакка карата мыйзамдарга ылайык чара көрүлөт», -деп билдирди мекемеден. 

Аталган мекеме турак-жай ижарасына карата бааларды жөнгө салууга ыйгарым укугу жок экендигин кошумчалады.

Салык кызматынын расмий маалыматы боюнча, ушул жылдын сегиз айында батирди же үйдү ижарага бергендер патенттин негизинде 33,9 млн сом өлчөмүндө салык төлөгөн. Бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 млн сомго көп.

Орусияда мобилизация жарыялангандан бери чет өлкөлөргө, Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга агылган орус жарандары көбөйдү. Мындан улам айрыкча Бишкек шаарында батирлердин ижара акысы кымбаттап кеткени байкалат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев да бул маселени көтөрүп, үйүн, батирин ижарага бергендер канчалык салык төлөп жатканын текшерүүгө алууну сунуштаган.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*