ЖК комитети Тилек Текебаевди министрлик кызматына жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 4-октябрдагы жыйынында депутаттар Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникациялар министри кызматына жактырды. Эми анын талапкерлиги 5-октябрда парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Буга чейинки министр Эркинбек Осоев 3-октябрда кызматынан бошотулган. Маалыматка караганда, ал кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз берген. Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Тилек Текебаев дайындалган.

Кызматтан алынган министрлердин милдетин аткаруучулар дайындалды

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*