Кемпир-Абад. Жабык жыйынга кирип чыккан тургундар президентти кайра эл алдына чыгышын талап кылышууда

Өзгөн районунда Кемпир-Абад маселеси боюнча президент менен жабык жыйынга кирип чыккан жергиликтүүлөр өлкө башчыны эл алдына чыгышын талап кылышууда. Бул тууралуу «Т-Медианын» жеринде жүргөн кабарчылары билдирди.

Өзгөн райондук администрациясынын залына президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушов эл менен жолугууга бир нече тургундарды кабыл алган.

Ага себеп катары, жолугушуу өтүп жаткан зал тар болгондугуна байланыштуу президент элдерди этап-этап менен кабыл алаары айтылган.

«Жолугушууга биринчи кирип чыккан эл президентти кайрадан сыртта чогулуп турган элдин алдына чыгышын талап кылышты. Алар жыйында микрофон жетпей тандалма мамиле болгонун жана суроолорун бере алышпаганын тиешелүү жоопторду ала алышпаганын билдиришти. Ошондой эле микрофон алып суроо берип жатканда, аларды чыгарып салгандарын айтышты. Ал эми жабык жолугушуудан чыккан айрым эл, өлкө башчы аларга туура түшүндүрүп бергенин кошумчалашты», — деди кабарчылар.

Эске салсак: 29-сентябрда Өзгөн районунда 100дөй адам Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу чогулган. Алар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 26-сентябрда кол коюлган келишимди ачыкка чыгаруу талабын президентке жана парламентке коюшкан. Жергиликтүүлөр суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп кетиши ыктымал деп кооптонуп жатат.

Кемпир-Абад суу сактагычы

Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрда Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жыйын өткөн. Анда чек арага байланыштуу жаңы келишимдин долбоорун баштоо тууралуу келишимге кол коюлган.

2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

26-мартта Ташиев Бишкекте маалымат жыйын куруп, Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

27-мартта президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 21-22-апрелде акцияга чыгып, үч боз үй тигишкен. 18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен.

Ошол эле жылдын 25-апрелинде Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айтып, «Элдин талабы — биз үчүн эң жогорку талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз», — деген.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*