
Бүгүн, 4-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигине Кемпир-Абад маселеси боюнча жергиликтүү эл дагы чогулууда. «Т-Медианын» кабарчысы жеринен маалымдагандай, алар бийликтен эки тараптуу соңку келишимдердин мазмунун ачыкка чыгарууну талап кылып жатышат.
Кемпир-Абад боюнча эл менен жолугушуу өткөрүүгө президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Чогулуш райондук администрациянын ичинде өтүп жатат. Келгендер залга толук батпагандыктан президент эл менен бир канча жолугушуу өткөрөрү айтылды. Жолугушууга киргендерге телефон колдонууга уруксат берилген эмес.
Сыртта чогулгандар президент менен жолугушууга атайын даярдалган «дежур» адамдар кирди деген пикирди айтышууда.
Эске салсак: 29-сентябрда Өзгөн районунда 100дөй адам Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу чогулган. Алар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 26-сентябрда кол коюлган келишимди ачыкка чыгаруу талабын президентке жана парламентке коюшкан. Жергиликтүүлөр суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп кетиши ыктымал деп кооптонуп жатат.
Кемпир-Абад суу сактагычы
Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрда Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жыйын өткөн. Анда чек арага байланыштуу жаңы келишимдин долбоорун баштоо тууралуу келишимге кол коюлган.
2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.
26-мартта Ташиев Бишкекте маалымат жыйын куруп, Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.
27-мартта президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.
Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 21-22-апрелде акцияга чыгып, үч боз үй тигишкен. 18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен.
Ошол эле жылдын 25-апрелинде Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айтып, «Элдин талабы — биз үчүн эң жогорку талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз», — деген.
Оставьте первый комментарий