Кемпир-Абад: чогулгандар президенттин эл менен жолугушуусу ачык өтүшүн талап кылууда

Өзгөн. Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулгандар. 04.10.2022

Ош облусунун Өзгөн районунда акимчиликтин сыртында жүздөн ашык адам топтолуп турат. «Т-Медианын» кабарчысы жеринен билдиргендей, алар президенттин эл менен жолугушуусу сыртта ачык өтүшүн, Кемпир-Абадга байланыштуу толук, ачык-айкын маалымат берилишин талап кылышууда.

«Жыйын жабык өтүп жатат. Журналисттерди киргизген жок. Бирок Кемпир-Абад маселеси ар бир келген жаранга түшүндүрүлүп берилери айтылды. Андан тышкары жолугушуу өтүп жаткан зал тар болгондугуна байланыштуу президент элдерди этап-этап менен кабыл алаары күтүлүүдө», -дейт кабарчыбыз. 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-октябрда Өзгөн райондук администрациясында Кемпир-Абад маселесине байланыштуу эл менен жолугушуу өткөрүп жатат. Чогулуш райондук акимчиликтин ичинде болууда. Киргендерге телефон колдонууга уруксат берилген эмес.

Эске салсак: 29-сентябрда Өзгөн районунда 100дөй адам Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу чогулган. Алар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 26-сентябрда кол коюлган келишимди ачыкка чыгаруу талабын президентке жана парламентке коюшкан. Жергиликтүүлөр суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп кетиши ыктымал деп кооптонуп жатат.

Кемпир-Абад суу сактагычы

Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрда Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жыйын өткөн. Анда чек арага байланыштуу жаңы келишимдин долбоорун баштоо тууралуу келишимге кол коюлган.

2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

26-мартта Ташиев Бишкекте маалымат жыйын куруп, Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

27-мартта президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 21-22-апрелде акцияга чыгып, үч боз үй тигишкен. 18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен.

Ошол эле жылдын 25-апрелинде Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айтып, «Элдин талабы — биз үчүн эң жогорку талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз», — деген.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*