«Т-Медианын» «Фейсбук» баракчасына чабуул жасалып, Өзгөндөгү түз эфир өчүрүлдү

«Т-Медианын» «Фейсбук» баракчасындагы Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча элдин нааразычылыгын чагылдырган түз эфир белгисиз жагдайда өчүрүлдү. Ошол эле убакта түз эфирде жеринен алып берген журналисттин Фейсбук аккаунтуна чабуул жасалган.

Учурда журналистибиз Фейсбук аккаунтуна кире албай жатат жана 1 саатка жакын видео өчүрүлгөн.

Эске салсак, бүгүн эрте менен «Т-Медианын» журналисттери Өзгөн районунда Кемпир-Абад боюнча нааразычылыкка чогулушкан элдин үнүн чагылдырууга барган.

Алар менен жеринде президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушов Өзгөн райондук администрациясында Кемпир-Абад маселесине байланыштуу эл менен жолугушуу өткөрүп жатат. Чогулуш райондук акимчиликтин ичинде болууда. Киргендерге телефон колдонууга уруксат берилген эмес.

Сыртта күтүп турган элди жеринен чагылдырган 1 саатка жакын түз эфирди 10 миңден ашуун колдонуучу көргөн.

Учурда Ош облусунун Өзгөн районунда акимчиликтин сыртында жүздөн ашык адам топтолуп турат. Т-Медианын кабарчысы жеринен билдиргендей, алар президенттин эл менен жолугушуусу сыртта ачык өтүшүн, Кемпир-Абадга байланыштуу толук, ачык-айкын маалымат берилишин талап кылышууда.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*