
Социалдык тармактарда Орусиянын президенти Владимир Путин ата-мекенге кызматы жана аймактын коопсуздугуна, туруктуулугуна салымы үчүн Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонго 3-даражадагы орден ыйгарганы тууралуу маалымат тарап жатат. Ага далил катары төмөнкү жарлык тиркелген.
Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары бул документтен күмөн санады. Жарлыктын чын же жалганын биздин редакция текшерип көрдү.
Аталган жарлыкты ачык булактардан издеп көрөбүз. Бул сүрөттү Орусиянын укуктук маалыматтар жайгаштырылган расмий порталынан таптык.
Ошондой эле «РИА Новости» басылмасы да Путин тажик президентине 3-даражадагы орден ыйгарганын жазып чыкты.
Тажикситандын «Азия Плюс» жана «Спутник Тажикстан» басылмалары да аталган маалыматты жарыялашкан.
Жыйынтык: Владимир Путин ата-мекенге кызматы жана аймактын коопсуздугуна, туруктуулугуна салымы үчүн Эмомали Рахмонго үчүнчү даражадагы орден ыйгарганы чын.
Оставьте первый комментарий