
Парламенттеги «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясына кирген 14 депутат өзүнчө бөлүнүп чыгып, «Мекенчил» деген топко киришти. Алар бир мандаттуу округдардан шайланып келген эл өкүлдөрү болчу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.
Сатыбалдиев жаңы түзүлгөн «Мекенчил» тобун жетектейт.
«Биз «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери (ред-Нурлан Шакиев) спикер болуп шайланганына жана өзүбүздүн ич ара структураларыбызды өзгөрткөнгө байланыштуу бөлүнүп чыктык».
Элмурза Сатыбалдиев «Ата-Журт-Кыргызстандын» лидери болуп Бакыт Сыдыков дайындалганын маалымдады.
Эске салсак: парламенттеги «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясына бир мандаттуу округдардан шайланган 18 депутат кирген.
Оставьте первый комментарий