
Кыргызстандын президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитине катышпайт. Өлкө башчынын маалымат кызматы бул президенттин иш графигине байланыштуу экенин билдирди.
Орусия президенти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу Жапаровдун куттуктоосун жеткирүү үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү.
Санкт-Петербургдагы КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммити бүгүн 7-октябрда өтөт. Анда айрым маселелерди талкуулоо жана Орусия, Тажикстан президенттеринин юбилейлерин белгилөө пландалган.
Оставьте первый комментарий