
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусияга ишке орношуу үчүн барган жарандарга өлкөдөгү жаңы талаптарды сактоону эскертти.
Министрликтин маалыматында Орусияда былтыр 1-июлда кабыл алынган «Орусиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү» жана «Орусиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү» мыйзамдары күчүнө кирген.
Ага ылайык, Орусияга жумушка орношууга барган жарандар өлкөгө кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде:
- бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө;
- баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбошун аныктоо, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү.
Ошондой эле, медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек. Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат.
Оставьте первый комментарий