
Пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин, камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулатылып, 10-октябрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу социалдык камсыздоо фонду билдирди.
Көбөйтүлгөндөн кийин пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түзүп, жыл башындагы көрсөткүчтөн 1988 сомго жогорулайт.
Кыргызстанда 735 миң пенсионер бар. Жалпы пенсияны жогорулатуу үчүн 4 млрд 424 млн сом кошумча каражат керектелет. Анын 3 млрд 83 млн сому республикалык бюджеттен, 1 млрд 341 млн сому пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен кошулат.
Болжолдуу:
- 5000 сом пенсия алгандарга — 1843 сом;
- 10 000 сом алгандарга — 2623 сом кошулат.
Оставьте первый комментарий