
Президент Садыр Жапаров төрт министрди дайындоо жарлыгына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Алар:
Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов;
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
Энергетика министри Таалайбек Ибраев;
Транспорт министри Тилек Текебаев.
Алардын министр болушуна 6-октябрда, Жогорку Кеңеш колдогон.
Эске салсак, 3-октябрда энергетика министри Доскул Бекмурзаев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев кызматынан бошотулган.
Оставьте первый комментарий