ТИМ: Тажикстандын элчиси чакыртылды

Бүгүн, 8-октябрда министрликке Тажикстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Назирмад Ализода чакырылган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Анда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын Facebook социалдык тармагындагы жеке комментарийине айтылган тажик тараптын расмий протести орунсуз экени айтылган.

«Кыргызстан демократиялык мамлекет. Өлкөнүн негизги мыйзамына ылайык ар бир жаран өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экени өзгөчө белгиленет. Кыргыз тарап тажик тараптын жалган маалымат кампаниясын жүргүзүү үчүн тандап алган деструктивдүү ыкмасы тескери натыйжа бере турганын  жана тынчтыкты жана бейпилдикти сактоого салым кошпой турганын билдирди. Ошондой эле кыргыз тарап тажик тараптан сабырсыздыктын жана улуттар аралык кастыктын атмосферасын түзбөөнү талап кылып, кол коюлган протоколдор боюнча өз милдеттерин так аткарууга чакырды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 4-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы орденин ыйгарган. Ал буга «аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн»  татыганы айтылган.

Андан соң, 6-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Путиндин Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу пикирин жарыялаган.

«Тажикстандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элдердин тынчтыгын жана ымаласын ыдыратып жатканда аймактагы кайсы коопсуздук тууралуу сөз кылууга болот. Кыргыз жерине төгүлгөн күнөөсүз адамдардын каны муздай электе, балдарынан айрылган энелер күйүткө батып отурганда, жайкын тургундар кыйраган үйлөрүнө кайтып жаткан маалда мындай сыйлыктын берилиши негиздүү таң калууну жаратат», — деген.

7-октябрда Тажикстан басма сөз катчынын билдирүүсүнө байланыштуу  Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаевге нота тапшырган. 

Чек арадагы куралдуу кагылыш

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.

Кыргызстан кол салуудан 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, арасында жаш балдар менен аялдар бар.

20-cентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, тажик тарап былтыр 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындаган.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*