
Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов кызматын тапшырганын бүгүн, 12-октябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирди. Ал мунун себебин жаңы шайланган төрага менен бир фракциядан болгону менен түшүндүрдү.
«Жаңы төраганы шайладык. Биз аны менен бир фракцияда болгондуктан моралдык жоопкерчиликти сезип, төраганын орун басары кызматын тапшырууну туура көрдүм».
Ал эми бүгүн түштөн кийин жаңы вице-спикер шайлана турган болду.
Улан Примов «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү. Былтыр парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Алай округунан шайланып келген. Кийин төраганын орун басары болгон.
Примов 2015-жылы парламенттин алтынчы чакырылышында КСДП фракциясынан депутат болгон. «Т-Медиа» анын үй-бүлөсү кандай бизнеске ээлик кыларын аныктаган.
Оставьте первый комментарий