126 өлкө добуш берген. Кыргызстан БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчө болуп шайланды

11-октябрда Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары кеңешине мүчө болуп шайланды. Анда Кыргызстанды колдоп 126 өлкө добуш берген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

«Кыргызстандын Адам укугу боюнча кеңешине тандалышы боюнча тапшырма Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болчу. Мамлекет башчы БУУнун трибунасында, аталган уюмдун ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында дүйнөлүк коомчулукту өлкөнү колдоого чакырган. Кыргызстандын мындай абройлуу эл аралык органга тандалышы дүйнөлүк коомчулуктун өлкөнүн адам укуктарын коргоо боюнча салымын тааныганынан кабар берет», — дейт ТИМ. 

Маалыматка караганда, Азиялык топтон аталган кеңештин мүчөлүгүнө төрт орун үчүн Кыргызстан, Афганистан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив жана Түштүк Корея ат салышкан.

Адам укуктары кеңешине 47 мамлекет мүчө. Алар түздөн түз жана Башкы ассамблеяда жашыруун добуш берүү аркылуу тандалып, үч жылга шайланат. Кыргызстан өз милдетине 2023-жылдын 1-январынан киришип, 2025-жылы жыйынтыктайт.

Кыргызстан БУУнун Адам укугу боюнча кеңешине 2009-2012 жана 2016-2018-жылдары мүчө болгон.
Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*