
Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытов депутаттардан Баткен облусундагы айрым калктуу конуштар боюнча маселени жабык эшик артында кароону сунуштады.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү бул маселени күн тартибине киргизди. Жыйын жабык каралат.
Сессияда депутат Тазабек Икрамов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга насыясы боюнча жардам берүү маселесин көтөрдү. Айтымында, ага коммерциялык банктардан буга чейин кредит алган үч айыл өкмөттүн эли каникул берүү көйгөйүн айтып кайрылышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Баткенде жалпы 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз абалга келсе, 238 үй оңдоп-түзөөгө муктаж. Мындан сырткары 11 административдик, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер 61 автоунаа өрттөлгөн жана талкаланган.
Чек арадагы куралдуу кагылыш
Ушул жыдын 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.
Кыргызстан кол салуудан 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, арасында жаш балдар менен аялдар бар. Жалпы 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз абалга келсе, 238 үй оңдоп-түзөөгө муктаж.
Мындан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер 61 автоунаа өрттөлгөн жана талкаланган.
20-cентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, тажик тарап былтыр 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындаган.
Оставьте первый комментарий