Кыргызстанда дан эгиндери былтыркыдан 1,5 эсеге көп жыйналды

Кыргызстанда дан эгиндерин жыйноо аяктап, 542,5 миң гектар аянттан 1,7 миллион тонна дан жыйналды. Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирди.

Бастырылган дандын көлөмү былтыркыдан 1,5 эсеге көп.

Өткөн жылга салыштырмалуу арпа 2 эсеге, буудай 1,6 эсеге, май өсүмдүктөрү 9 пайызга, жүгөрүнүн даны 6 пайызга, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 5 пайызга жана бакча өсүмдүктөрү 2 пайызга көбөйдү.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1231 статья
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*