Ошто Элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жыйындар өтөт. Күнү жана дареги

Ош шаарында 18-октябрдан 25-октябрга чейин Элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жыйындар өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Чогулуштарда элдик курултайга делегаттыкка талапкерлер көрсөтүлөт. Жыйындар 18-октябрдан тарта саат 10:00дө калаадагы муниципалдык аймактык башкармалыктарда төмөнкү даректер боюнча өткөрүлөт:
  • 17-октябрь — Туран кичи району, №41, Х.Абдуллаев атындагы мектеби;
  • 18-октябрь — №9 Рудаки атындагы гимназия мектеби;
  • 19-октябрь — “Керме-Тоо” МАБда №14 К.Алтыбаев атындагы мектеби;
  • 20-октябрь — “Манас-Ата” МАБда №38 Б.Алыкулов атындагы гимназия мектеби;
  • 21-октябрь — Амир-Темир кичи району, №1 Федченко атындагы орто мектеби;
  •  24-октябрь — “Курманжан-Датка” МАБда №18 А.Навои атындагы мектеби;
  •  25-октябрь — Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын маданият үйү.

Быйыл Биринчи Элдик курултай 25-ноябрда Бишкекте өтөт. Ага чейин курултайга делегаттарды шайлоо үчүн 5-ноябрда аймактарда жергиликтүү курултай чакыртылат. Жергиликтүү жамааттардын бардык мүчөлөрү, уюмдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар жана тийиштүү аймактын башка өкмөттүк эмес уюмдары делегаттыкка талапкерлерди көрсөтүү укугуна ээ.

Элдик курултайды өткөрүүнүн тартиби боюнча өлкөдөгү 452 айыл аймагынын ар биринен экиден 904 делегат, Бишкек шаарынан он жана Ош шаарынан алты, облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден делегат шайланышы керек.

Элдик курултай бир жылда бир жолу өткөрүлөт. Анын датасы президент тарабынан аныкталат. Элдик курултайга 1000 делегат катышат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*