
Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүндө 10го жакын мыйзамсыз курулуштар бар. Алардын басымдуусунун архитектурадан уруксат кагаздары жок. Учурда ээлерине эскертүүлөр берилип, суу, светтери өчүрүлгөн.
Алардын бири катары Ош шаардык муниципалдык менчик ишканасынын жетекчисинин орун басары Аскар Шакиров көчөсүндөгү «Семейный» тамактануучу жайын атаган. Жолго мыйзамсыз чыгып кеткенин айтып, суу, свети өчүрүлүп иши токтотулганын билдирген. Бирок, учурда аталган ашкана ишин улантууда.
«2 жарым жыл мурун жаңы имаратка көчкөнбүз. Экөөнүн жетекчиси эки башка. Бул жайдын бардык документтери жайында. Бир гана унаа токтотуучу жайдын документти бүтпөй жатат. Мыйзамсыз делген мурдагы “Семейный” ашканасы болсо керек», — дейт тамактануучу жайдын администратору Сардор Ганиев.
Муниципалдык мекеменин башка жетекчи орун басары Дастан Мурзалиев да сөз чайхананын иштетилбей калган эски имараты жөнүндө болуп жатканын айтканы менен архитектура азыркы аталган тамактануучу жайдын бир бөлүгүнүн документи жок экенин маалымдады.
«Азыркы ”Семейный” ашканасынын навайкана жана самсакана болуп иштеп жаткан жери боюнча маселе бар. Архитектуралык уруксат кагазы жок. Биз кайсыл курулуш, качан башталганы боюнча маалыматтарды мэрияга бергенбиз. Алар прокуратурага өткөрүп берди болуш керек», — деди Ош шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ырысбек Токоев.
Аскар Шакиров көчөсүндө жалпы 9 имараттын архитектуралык уруксат иш кагаздары жок болуп чыккан. Ага азыркы иштеп жаткан «Семейный» чайханасынын бир бөлүгү, тагыраагы түндүк тарабы да кирет.
Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовдун айтымында мындан 4 ай мурда мыйзамсыз курулуштарды текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Маалыматка караганда алар ар жума текшерүү жүргүзүп жатышат. Шакиров көчөсүндөгү 8-9 мекемеден бир гана тамактануучу жай документин көрсөтө алган.
2022-жылдын 9 айынын ичинде эле муниципалдык менчик башкармалыгына 436 жарандан мыйзамсыз курулуштар боюнча арыз келип түшкөн. Жалаң гана элден келген арыздын негизинде иш алып барабыз деген мекеме учурда шаардагы мыйзамсыз курулуштардын 80 пайызы такталды деп билдирди. Жергиликтүү бийлик жолго чыккан дүкөндөр, айбанчалар, тротурага чыгып кеткен тепкичтер алынып жатканын байма-бай жарыялар жаткан менен элдин жерин бир нече жылдан бери акысыз иштетип келген ошол эле Изюм, Манас-Ата өндүү мекемелер бузулабы жокпу, азырынча белгисиз бойдон. Мындан улам шаар бийлиги мыйзамсыз курулуштарга тандалма мамиле жасап жатат деген сындар айтып келет.
Оставьте первый комментарий