
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 14-октябрда билдирүү таратып, эгерде мекендештерге катачылык менен аскерге чакыруу келсе, элчиликке, консулдукка жана башка өкүлчүлүктөргө кайрылышын эскертти. Анткени жарым-жартылай мобилизация орус жарандарына гана тиешелүү экени айтылат.
«Кыргызстандын жарандары Орусиянын мыйзамдарын сактоо менен ал өлкөнүн аймагында жүрө алышат. Көйгөйлүү маселелер жаралган учурда, анын ичинде чакыруу кагаздары туура эмес алынган учурда дипломатиялык өкүлчүлүккө, Екатеринбург, Новосибирск шаарларындагы Кыргызстандын башкы консулдугуна же Санкт-Петербург, Сургут, Владивосток, Красноярск, Южно-Сахалинск, Иркутск, Якутск шаарларындагы Элчиликтин канцелярияларына кайрылууну сунуштайт», —деп айтылат маалыматта.
Элчилик дагы бир жолу кыргыз жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого, Орусиянын аймагында жүргөндө бейрасмий маалыматтарды колдонбоого чакырды. Ошондой эле уруксат берилбеген массалык иш-чараларга катышпоого да үндөдү.
Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.
Ушундан кийин өлкөдөн чыгып кетүү — аскер комиссариаттарынын чакыруусун алуудан качуунун эң ыңгайлуу жолу катары каралып жатат. Москвадан жакынкы, визасыз барчу өлкөлөргө, анын ичинде Стамбулга, Ереванга, Бакуга, Астанага, Ташкентке жана Бишкекке билеттер кескин кымбаттап кетти. Көпчүлүк каттамдарга билеттер калбай да калган.
Оставьте первый комментарий