Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча курултай жыйынтыкталды. Кандай талаптар айтылды?

Өзгөндө бүгүн, 15-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча элдик курултай өттү. Анда сөз сүйлөгөндөр кыргыз-өзбек чек арасы боюнча талаптарын жана сунуштарын билдирип, соңунда бир нече пунктан турган резолюция кабыл алынды. 

Резолюциядагы сунуштар:

  • Кемпир-Абад суу сактагычынын жер алмашуу иштери токтотулуп, ратификациядан өтпөсүн;
  • Делимитация, деморкация боюнча мамлекеттик комиссия кайрадан түзүлсүн;
  • Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жер алмашуу иши токтобосо Бишкекте Кемпир-Абад элдик курултайы уюштурулсун;
  • Делимитация, деморкация боюнча протоколдор элге жарыялансын;
  • 36-39-42-протоколдор жокко чыгарылсын.

Бул сунуштарды курултайдын уюштуруу комитетине оңдо-түзөп чыгат.

Ош облусундагы Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында өткөн курултайга Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарынан жарандар барып, 1000 чукул катышуучу чогулду. Уюштуруучулар Кемпир-Абад маселесин талдап чыгуу үчүн тарыхчылар да маалымат берээрин белгилеген.

Жеринде суу сактагыч боюнча өз пикирин билдирүүгө Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Адахан Мадумаров, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-баш прокурор Азимбек Бекназаров, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Аймен Касенов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыровдор барган.

Курултай катышуучуларынын дээрлик баары Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу астындагы жер Өзбекстанга берилишине каршы экенин билдирди. Айрымдар башка орчундуу көйгөйлөрдө чогулбай, бийлий маселени чечип жатканда чогулуштарды уюштуруп жатканын айткан президентин Оштогу өкүлүнө оюн аягына чыгарууга мүмкүндүк берилген жок. 

Буга чейин, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун жабык караган. Жыйынтыгында комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгондуктан келишим жактырылганы айтылган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Келишим колдоо тапса Кыргызстандын чек арасы 19 699 гектарга кеңери айтылган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*