Унааларга милдеттүү түрдө видеорегистратор орнотуу сунушталды

Ички иштер министрлиги бардык унааларга милдеттүү түрдө видеокаттоочу (видеорегистратор) жабдык орнотууну сунуштап жатат. 13-октябрда бул өзгөртүү кошулган «Жол кыймылы» жөнүндөгү мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Долбоордо бир гана 15- «унааны пайдаланууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар» жөнүндөгү беренеге толуктоо сунушталган.

Ага ылайык, машинанын кыймылын жаздыруучу жабдыгы жок унааларды каттоого, пайдаланууга тыюу салынат. Мындай видеогеристраторлор жүргүнчүлөрдү жана кооптуу жүктөрдү ташыган транспортторго да коюлушу керек болот.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*