
Алмазбек Бейшеналиев пара түрүндө алды делген акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берип, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө Бейшеналиев 62 миң 500 АКШ долларын кайтарып берген. Буга чейин 37 миң 500 доллар кайтарганы айтылган.
«А.Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экенин, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү» — деп айтылат маалыматта.
Ал эми, Бишкек шаардык соту Бейшеналиевдин 18-октябрдагы соту 24-октябрга жылдырылганын билдирди.
Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрдын түнү пара алууга шек саналып, Ички иштер министрлиги тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган. Ага карата чет өлкөлүк студенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жаткан.
Ал эми Бейшеналиев өзүнө карата коюлуп жаткан күнөөсүн моюнуна албай турганын айтып, пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин билдирген.
30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту министрди эки ай абакта калтыруу чечимин чыгарган.
Бейшеналиев бул кызматка ушул жылдын февраль айында дайындалган. Буга чейин 2020-жылдын күзүндө да билим берүү жана илим министри болуп 6 ай иштеген. Кийин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесине туруктуу өкүлү, Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп иштеген.
Оставьте первый комментарий