Ош: эң аз 500 сом пенсия алгандар бар

Ош шаарында эң аз өлчөмдөгү пенсия 500 сом. Мындай сумманы эмгек стажы аз болгон жана аз өлчөмдөгү маяна менен иштеп пенсияга чыккандар алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун Ош шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нуркамил Орунбаев Т-Медиага билдирди.  

Калаада жалпы 27 миңге чукул пенсионер бар. Октябрда пенсия көтөрүлгөндөн кийинки эсеп боюнча алардын ичинен эң көп сумма алганы 70-80 миң, эң азы 500-600 сом алат. 

“Жаш курагы жеткенде 1-2 жыл стажы болсо да пенсияга чыкканга укуктуу да. Бирок аларга стажына карап аз пенсия эсептелип калат. Ал эми, пенсиясын чоң өлчөмдө алгандардын көпчүлүгү пенсияга чыккандан кийин да иштеп жаткандар. Бир эле эмес эки-үч жерде иштегендер да бар. Басымдуусу илгертен партиялык иштерде иштеп жүргөндөр» — деди Орунбаев.

Акыркы жогорулатуулар боюнча Кыргызстанда жарандар пенсияга чыккан учурда анын 20-25 жыл эмгек стажы бар болсо, пенсиянын базалык бөлүгү 3170 сом менен эсептелет. Андан аз жыл иштегендерге стажына карап саналат. Аялдар 58, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгышат.

Эмне үчүн пенсия айрымдарга көп, кээ бирлерине аз кошулду? Түшүндүрмө

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*