Эмне үчүн пенсия айрымдарга көп, кээ бирлерине аз кошулду? Түшүндүрмө

10-октябрда Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү 3 170 сом болуп көбөйтүлдү. Ал эми, камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулаган. Мындай өлчөмдө орточо пенсияга 1 988 сом кошулаары айтылган. Бирок калк арасында бардык пенсияга бирдей суммага көбөйтүлбөгөнү суроо жаратып жатат. Суммадагы айырмачылык эмнеден улам келип чыгышын Т-Медиага социалдык фонддун Ош шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нуркамил Орунбаев түшүндүрдү. 

Орунбаевдин маалыматында ар бир адамдын пенсиясы үч бөлүккө бөлүп эсептелет:

  • Пенсиянын базалык бөлүгү;
  • камсыздардыруу бөлүгү- 1;
  • камсыздандыруу бөлүгү 2.

Пенсиянын базалык бөлүгү көбөйтүлгөнгө чейин 1780 сом болгон. Жогорулатылгандан кийин ага 1390 сом кошулуп, 3170 сом болду. Бирок бул сумма пенсияга чыккан эркектин 25 жыл, аялдардын 20 жыл эмгек стажы болсо гана толук берилет. Андан аз стаж менен пенсияга чыккандарга стажынын жылына карап эсептелет. 

Пенсиянын базалык бөлүгүн (эркектер 25 жыл, аялдар 20 жыл стаж менен) толук алгандардын да баарына 1 390 сом кошулган жок. Себеби, жыл сайын 1-октябрда пенсиялар көбөйтүлүп, айрым өтө аз өлчөмдө пенсия алгандардын базалык бөлүгүнө 100-200 сомдон кошулуп турган. Мындай жол менен айрымдардын пенсиясынын базалык бөлүгү 2 280-2 380 сом болуп көбөйүп калган. Бул жолу баарына бирдей 3170 сом эсептелип жатат. Мындай учурда:

  • Пенсиясынын базалык бөлүгү 1780 сом болгондорго 1390 сом (1780+1390= 3170);
  • 2280 сом болгондого 890 сом;
  • 2380 сом болгондорго 790 сом кошулду.

Ошондой эле, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү да 15%га көбөйтүлгөн. Пенсиянын эки камсыздандыруу бөлүгү бар:

  1. камсыздандыруу бөлүгү бир — жарандын 1996-жылга чейинки эмгек стажынын эсептелиши;
  2. камсыздандыруу бөлүгү эки — жарандын 1996-жылдан кийинки эмгек стажынын эсептелиши.

Калк арасында жер үлүштүн эсебинен пенсияга чыккандар да бар. Аларга бир жылдык эмгек стажы 25-30 сомдон эсептелет. Камсыздандыруу бөлүгү аз болгондуктан, кошулганда да аз өлчөмгө көбөйтүлгөн. 

Быйыл Кыргызстанда 735 миң 900 жарандын пенсиясы көбөйдү. Ал үчүн кошумча 4 млрд. 424 млн. 300 миң сом жумшалган. Соцфонддун Оштогу башкармалыгынын маалыматында, жогорулатылгандан кийин Ошто эң көп пенсия 80 миң, эң азы 500 сом болду. Аз алгандардын суммасы эмгек стажынын жана иштеп жүргөндөгү маянасынын аздыгына байланыштуу.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1349 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*