
Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу бүгүн, 19-октябрга караган түнү саат 2:10дө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлдү, ал уул бала. Бул окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаров Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду жана саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алды.
Баатырованын маалыматына караганда, ымыркай 19-октябрда саат 2:10до төрөлгөн. Анын салмагы 3,9 кг, бою 54 см. Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова билдиргендей, ал фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын аялы Айжаркын Сыраждинова 40 жашта — бул алардын төртүнчү баласы.
Президент Садыр Жапаров 7 миллионунчу наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, ага Жакшылык деген ат коюуну сунуштады.
«Өлкө башчы балага чың ден соолук, узун өмүр каалады. Ал жети миллионунчу жаран өз элинин татыктуу уулу болуп өсүп, өзүнүн үй-бүлөсүнө эле эмес, бүтүндөй өлкөгө мындан аркы бакубатчылык алып келээрине ишенерин билдирди. Наристеге өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады» — деп айтылат маалыматта.
Жети миллионунчу жарандын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.
Кыргызстандын алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында төрөлгөн. Ал эми беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.
Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма жети жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчунун ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.
Оставьте первый комментарий