
Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залы пайдаланууга берилди. Курулуш 29-апрелде башталып, 5 айда бүткөрүлдү. Бул тууралуу президентин маалымат кызматы билдирди.
Жаңы спорттук залдын ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, балбан кыздар алдыдагы Олимпиадаларда ийгилик жаратат деген ишенимин билдирген.
“Биздин спортчу кыздар өлкөнү бүт дүйнөгө даңазалап жатышат. Ошондуктан, мен демилге көтөрүп, бүгүн ачып жаткан бул спорт залдын курулушун жеке көзөмөлгө алдым. Сиздер өсүп келе жаткан муунга үлгү болосуздар, аларды спортко кызыктырасыздар деп ишенем”, — деген президент.
Буга чейин балбан кыздарга атайын спорт зал жок болгондуктан алар эркектер менен бирге бир залда машыкчу. Жаңы курулган спорттук залда медициналык реабилитациялык бөлмө, күрөш залы, спорт залы бар.
Ошондой эле, жыйындар залы, сауна, кир жуучу жай, машыктыруучу бөлмөлөрү курулган.
Эс алуу жана мейманкана бөлмөлөрү да бар.
Кыз-келиндер күрөшү үчүн спорттук зал куруу былтыр октябрда демилгеленип, имарат Бишкекте А.Малдыбаев көчөсүндөгү «Ата-Түрк» сейил багынын жанына курулаары айтылган. Спорттук зал курулуп бүткөн соң Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлүп берилери маалымдалган.
Оставьте первый комментарий