
Депутат Улан Примов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды. Добуш берүүдө 70 депутат «макул», бирөө «каршы» болду.
Примовдун талапкерлигин «Ата-Журт Кыргызстан » фракциясы көрсөттү. Андан башка талапкерлер сунушталган жок.
Улан Примов «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү. Былтыр парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Алай округунан шайланып келген. Кийин төраганын орун басары болгон. 12-октябрда парламенттин жалпы отурумунда кызматын тапшырган. Ал мунун себебин жаңы шайланган төрага Нурлан Шакиев менен бир фракциядан болгону менен түшүндүргөн.
Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, когоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалык кызматынан чакыртып алышты. Анда 42 депутат «макул», 17си «каршы» добуш берген. Спикер Нурлан Шакиев ал төрагалык орундан чакыртылды деп жарыялаган. Кийин депутат Гуля Кожокулов анын кызматтан алынышы мыйзамсыз экенин айтты. Себеби регламент боюнча кеминде 50 депутат «макул» добуш бериш керек эле.
10-октябрда Айдаров жетектеген парламенттин комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон. Бул жыйында Чыңгыз Айдарбеков өзү келишимдин долбооруна каршы добуш бергенин айткан. Кийин жетиштүү документтер берилбегенин айтып, комитеттин чечимине кол койбогон. Депутат Адахан Мадумаров Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча курултайда сөз сүйлөп жатып, Айдарбеков чечимге кол койбогондуктан аны төрагалыктан алуу аракети болуп жатканын айткан.
18-октябрда Эдил Байсалов Чыңгыз Айдарбековдун бул аракеттерин популисттик деп атап, анын жоопкерчиликсиз позициясы компетентсиз экенинен кабар берет деген.
Оставьте первый комментарий