
Баткен облусуна жардам көрсөтүү жана жергиликтүү тургундарды колдоого, турак жайларды калыбына келтирүүгө 100 миллион сом которулду. Чек ара аймактарына 110 млн. сом. Бул тууралуу Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиевге шилтеме берип, аталган министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, жабыр тарткан тургундарга ыкчам жардам көрсөтүү максатында Министрлер кабинетинин токтому жана буйругу чыккан.
«Быйылкы жылга Баткен облусуна бекитилген бюджет 4 миллиард 197 миллион сомду түзгөн. Быйыл сентябрь айынан баштап өнүктүрүү программасына тескеме чыккан, анын негизинде 500 млн сом бекитилген. Бүгүнкү күндө калыбына келтирүүгө 100 миллион сом которулду. Чек ара аймактарына 110 млн. сом. Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин буйругунун негизинде капиталдык салымдардын беренесинин көлөмү 3 миллиард сомго көбөйтүлгөн. Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги тарабынан 1 млрд. бөлүндү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ал сумманы пайдалануунун жыйынтыгын эсептеп бизге сунушу менен кайрылат. Анын негизинде кошумча каражат бөлүнөт. Финансы министрлиги Баткен облусун жана жабыркаган аймактарды каржылоого даяр», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жабыркаган аймактарга ыктыярдуу төлөмдөр үчүн атайын эсеп ачылган. Бүгүнкү күндө ага 327 миллион сом түшкөн. Анын ичинен 84 миллион сом которулган. Бөлүнгөн каражатты Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тескейт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта 63 жаран каза болгоню. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүү жай тургундар. Андан тышкары 206 киши ар кандай жаракат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.
14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдоого муктаж.
Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттыкты сактоо объектилери, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.
Оставьте первый комментарий