
Жалал-Абадда «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында үч көчөдө унаа токтотуучу жайлар жоюлду. Калааны иретке келтирүү, тыгындарды болтурбоо үчүн чол четине унаа коюуга тыюу салына баштады.
Шаарда буга чейин Жусупбек Бакиев, Нагима Айтматова жана Чехов көчөлөрүндө жол четине жыйырма сомдон акы төлөп, унаа токтотууга мүмкүн болчу. Мындан ары, бул жайларга унаа койгондор айып пул төлөшөт.
«Айдоочуларга бул көчөлөргө автоунаа койбогула деп эскертип жатабыз. Эгер жол четине коюп кетсе, эвакуатор менен унаасын жүктөп, айып короого алып барабыз» — деди Жалал-Абад облустук ЖКККБнын үгүт-насаат иштери боюнча инспектору Илгиз Өмүрзаков.
Шаардын иретке келтириле баштаганын көпчүлүк тургундар колдоп жатат. Бирок азырынча аталган жолдун четине унааларын токтотуп кардар алып кетип турган шаардан айылга каттаган айдоочулардын көйгөйү чечиле элек. Аларга токтоочу жайды жаңы ачылган муниципалдык базардын жанынан жана шаардагы эски автобекеттин ордунан даярдап берүү пландалган. Бирок ал ишке аша элек.
«Биз буга чейин келишим менен иштеп келгенбиз. Кечээ тазалаганда, бизге орун жок калды. Ушул менен оокат кылган айдоочулар азыр үйдө отурат. Биздин келишим менен иштеп келгенибизди эске алып, айылга каттагандарга бир четтен парковка бериши керек» — дейт айдоочулардын бири Болотбек Сариев.
Жол четиндеги унаа токтотуучу жайлар Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына карайт. Мекеме аталган жердеги айдоочуларга каралган жайлар жакынкы күндөрү ишке кирип, жайгаштыруу иштери болот деп ишендирүүдө.
Оставьте первый комментарий