15 жыл мурун тартылган. Жапалакта пайдаланууга берилбей калган газ куурлары оңдолуп жатат

2007-жылы Кара-Суу районунун Жапалак айылын газдаштыруу боюнча атайын долбоор иштелип чыккан. Анда айылга газ түтүктөрү орнотулуп, бирок пайдаланууга берилген эмес. Куурлар иштетилбей туруп жараксыз абалга келди. Учурда айыл элин кайрадан газдаштыруу боюнча иштер башталып, аны тартууга жараксыз делген эски түтүктөр оңдолуп жатат. 

Мындан 15 жыл мурда АРИС уюму Жапалакты газдаштыруу ишин баштаган. Мекеме чыгашанын 70%ын өзү каржылап, калганын эл чогултмай болгон. Бирок, айыл эли көрсөтүлгөн акчаны толук бере алган эмес. АРИС өзү калган каражатты толуктап, газ куурларын тартып, Ошгаз мекемесине өткөргөндө, ишкана куурлар талапка жооп бербейт деп кабыл албай койгон. Арадан 10 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин Ошгаз ишканасы ошол эле куурларды оңдой баштады.

«Газпром менен биргеликте келип ишти башташканына 15 күн болуп калды. Ар бир түтүкчөлөрдү карап, жерден бир метр кылып көтөрүп келе жатышат» — дейт Жапалак айылдык башкармалыгынын башчысынын орун басары Элдияр Эшиев.

Муниципалдык мекеменин маалыматында, куурлардын уланган жерлери талапка жооп бербей калган. Эми ал түтүктөрдүн жараксыз бөлүгү алып салынып, кайрадан кураштырылып жатат. Бул үчүн мекеме дээрлик 3 млн сом акча сарптайт.

«Газ түтүктөрүн сапатсыз ширетип койгон. Курулуш талаптарына туура келбей калгандыктан, бизге өткөрүп берген. Биз текшерип көрүп кабыл алган эмеспиз. Анда түтүкчөлөр биз берген газдын басымын көтөргөн эмес. Түтүктөрдүн ширетилип бириккен жерлери да текшерүүдөн өткөн эмес. Биз ошол өтпөй калган жерлерин кесип, кайра ширетип даярдап жатабыз» — деди “Ошгаз” ишканасынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматов.

Жапалактагы ишке кирбей калган бул газ куурлары Ош шаардык прокуратурасында да текшерилген. Аны шаардык ички иштер башкармалыгы иликтеп жатат. Сапатсыз коюлган делген куурларга экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы чыга элек.

Жапалакка газ киргизүү долбоору жалпысынан 11 млн 200 миң сомго бааланган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1440 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*