Ошто өспүрүм кызды ала качууга аракеттенгендер 2 айга камакка алынды

Ош шаарында 15 жаштагы кызды никеге туруу максатында ала качууга шектелген төрт жаран 18-декабрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты шаардык соттон билдиришти.

Алардын баш коргоо чарасы кечээ, 20-октябрда каралган. Жыйынтыгында 2 айга камакка алынган.

Эске салсак, окуя 18-октябрь саат 22:00 чамасында Апсамат Масалиев проспектиси менен Райымбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Шектүүлөр жашы жете элек кызды ала качып кетип жатканда кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кызды 27 жаштагы бала никеге туруу үчүн ала качкан. Ага 37-36 жаштардагы үч жаран көмөктөшкөн. Бул факты боюнча кылмыш кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган болчу.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*