Ош шаардык РЭТ кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Ош райондук электр тармактар ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Алар иш жүзүндө аткарылбаган жумуштар боюнча расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен. Анын негизинде акыркы эки жылда электр жабдуулар жана материалдык баалуулуктар негизсиз чыгымдалган.

Ошондой эле, берилген каражаттарды өздөрүнүн кызыкчылыктарына иштетип жиберишкендиги аныкталган.

Натыйжада, мамлекетке жалпы 1 млн 372 миң 476 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан шаардык РЭТнин жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*