
Пенсиянын базалык бөлүгү көтөрүлгөндөн кийин маркумду жерге коюу үчүн берилүүчү бир жолку жөлөк пул 31 700 сом болуп жогорулады. Бул тууралуу Социалдык фонддун Ош шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нуркамил Орунбаев Т-Медиага билдирди.
Пенсия курагындагы жаран каза болгондо анын жакындарына, көз жумганы тууралуу күбөлүк менен бирге сөөктү жерге коюу үчүн бир жолку жөлөк пул берилет. Бул каражат пенсиянын базалык бөлүгүнүн он эселенгени болот. Буга чейин пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сом болгондуктан, «Кара кагазга» 17 800 сом берилип келген. 1-октябрда пенсиянын базалык бөлүгү 3 170 сом болуп, пенсионердин «Кара кагазына» 31 700 сом бериле баштады.
«Адам каза болгондо жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнөн соцфондго анын көз жумганы тууралуу күбөлүк «Кара кагаз» деп коёбуз ошол маалымат келет. Ал келгенден кийин биз пенсия чегерүүнү токтотуп, сөөктү коюу үчүн берилүүчү пособиени беребиз. Эгер маркум пенсионер болсо, бул каражатты алса болот» — деди Орунбаев.
Быйыл 10-октябрда Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү 3 170 сом болуп, камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулаган. Ал үчүн кошумча 4 млрд. 424 млн. 300 миң сом жумшалган. Соцфонддун Оштогу башкармалыгынын маалыматында, жогорулатылгандан кийин Ошто эң көп пенсия 80 миң, эң азы 500 сом болду. Аз алгандардын суммасы эмгек стажынын жана иштеп жүргөндөгү маянасынын аздыгына байланыштуу.
Оставьте первый комментарий