
Бүгүн, 21-октябрда Баткен шаарында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун укук коргоо органдарынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Жыйында ал Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаалды турукташтыруу жана чыр-чатактарды болтурбоо боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген.
«Чек ара жана чек ара аймактарында жаралган бардык көйгөйлүү маселелер саясий жана дипломатиялык жол менен, сүйлөшүү үстөлүндө гана чечилиши керек. Чек ара маселеси эки мамлекеттин кызыкчылыгын көздөйт. Буга байланыштуу ар кандай даражадагы чиновниктер дагы, катардагы жарандар дагы чек арадагы кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзүүчү шашылыш билдирүүлөрдү жасабашы керек. Бүгүнкү күндө баарыбызга, Кыргызстанга да, Тажикстанга да тынчтык жана стабилдүүлүк, эки мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү керек», — деген ал.
Ошондой эле, Ташиев Баткен облусунун жетекчилигине тажик тарап менен кызматташууну бекемдөө боюнча милдеттерди койгон.
«Сиздер тараптардын чек ара органдарынын, компетенттүү жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө келип чыккан бардык маселелерди токтоосуз чечишиңиздер керек».
Кабыл алынган чечимдердин аткарылбагандыгы үчүн Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери жеке жоопкерчиликке тартыла турганы белгиленген.
Оставьте первый комментарий