Өзгөн: Кемпир-Абад маселеси боюнча жөө жүрүш өтүүдө

Бүгүн, 21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өтүүдө. «Т-Медианын» кабарчысы жеринен билдиргендей, акцияга 200гө жакын адам катышып жатат. Жөө жүрүштөгүлөр колуна «Кемпир-Абад түштүктүн Ысык-Көлү», «Кемпир-Абад берилбесин»деген жазууларды кармап чыгышкан.

Акциянын катышуучулары Куршаб айылынан чыгып, Өзгөн райондук администрациясын көздөй бет алды. Алар «Кемпир-Абад Кыргызстанда калсын» деген талап коюшууда.

Кемпир-Абад маселеси, комитеттин чечими

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Курултай өткөн Кызыл-Октябрь айылынын эки аксакал тургуну 18-октябрда райондук милицияда суракка чакырылганы айтылган.   Суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айткандар Кызыл-Октябрь айылында былтыртан бери нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага да ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*