
21-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Баткен облусундагы аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана мекеменин Баткен облустундагы башкармалыгы катышкан. Ташиев сөз сүйлөп, мамлекет алыскы аймактарда кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо шарттарын жакшыртууну мындан ары да улантаарын баса белгилеген.
Буга чейин президент Бишкекте УКМК өкүлдөрүнө курулган жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырган. Садыр Жапаров иш-чарада улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң рол ойнорун белгилеген. Ал бийлик мындан ары дагы аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо программасын ишке ашырууга күч-аракетин жумшарын кошумчалаган.
Коомчулукта соңку жылдары Кыргызстанда мамлекеттин эсебинен курулган батирлер көбүнчө айлыгы чектелүү мугалим, дарыгерлерге эмес, күч кызматкерлерине берилип жатканы сынга кабылып келет.
Оставьте первый комментарий