
Президент Садыр Жапаров «Кабар маалымат агентигине курган маегинде «Биз Кемпир-Абадды берген жокпуз, тескерисинче алып атабыз» деген пикирин билдирди.
Жапаровдун айтымында, 1960-жылдардан бери плотинаны Өзбекстан башкарып келди. Эми мындан ары 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкаруу макулдашылды. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпеши көзөмөлдөнөт, насос менен айылдарга суу тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өлкө башчы буга чейин мындай мүмкүнчүлүк болбогонун айтууда.
«Эми тарыхий- архивдик кагаздарга таянсак, 1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз. Суу басып калган жерибиз үчүн ошол эле 1965-жылы 4127 гектар жерди чек аралаш жерлерден Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан жер беришкен. Ошондо азыркы суу басып жаткан 4127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып атышат. Биз кыргыз тарап ал жерлерди үй салып, талаачылык кылып азыркыга чейин иштетип келе жатабыз. Буга архивдик документтер күбө».
Президент 1965-жылы Өзбекстан суу басып калган жердин ордуна компенсация катары берген 4127 гектар жерге кайсы айылдар салынганын тизмектеген. Алар:
- Кадамжай районунун Көк талаа айылы 758 гектар жерге курулган;
- Пылдырак айылы 255 гектар жерге курулган;
- Араван районундагы Найман айылы 148 гектар жерге курулган;
- Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар жерге курулган;
- Аксы районунда аэропорт 446 гектар жерге курулган;
- Жетиген айылы 75 гектар жерге курулган;
- Падыша-Ата-Сай 5 гектар жерди ээлеп турат;
- Кара-Дөбө 45 гектар жерге салынган;
- Ала-Букадагы Ажек-Тоого 1307 гектар жер берилген.
Жапаровдун билдиришинче, 1965-жылкы келишимде суунун горизонту 908 деп бекиген. Азыр аны 900гө түшүрүп жатышат.
«1965-жылы суунун горизонту 908 деп бекиген экен. Эгер бүгүн суунун деңгээлин 908 горизонтко чыгарып алышса, анда 5731 гектар жерди суу басып калат. Биз суунун гоизонтун 900гө түшүрдүк. Эми 5731 гектар жерди эмес 4400 гектардан ашыгыраак жерди суу басат. Кошуналар 4127 гектар жерди 1965-жылы беришти да. Ошондо ортодо дагы 300 гектардан ашыгыраак жер айырма болуп калды. Биз бүгүн ушул 300 гектар жер үчүн 1000 гектар жер алып атабыз. 500 гектар Өзгөндүн аймагынан, 500 гектар Сузактын аймагынан. Мындан сырткары, суу тартылганда жээгинен 1246 гектар жер бошоп толугу менен бизге өтүп жатат», -деди Жапаров.
Кемпир -Абад: Өзгөндөгү жөө жүрүш
21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб жана Кызыл-Октябрь айылдарынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөрүштү. Алар колдоруна «Кемпир-Абад калсын!», «Кемпир-Абад берилбесин!», «Кемпир-Абад түштүктүн Ысык-Көлү!» деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгышкан.
Бир күн мурда президент Садыр Жапаров, УКМКнын Камчыбек Ташиев баш болгон бийлик жетекчилери Кемпир-Абад боюнча жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар менен Бишкекте, президенттик администрациянын имаратында жабык жыйында жолугушкан.
Президенттин катышуусундагы ушундай эле жабык жыйын 4-октябрда Өзгөн районунда болгон.
15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Курултай өткөн Кызыл-Октябрь айылынын эки аксакал тургуну 18-октябрда райондук милицияда суракка чакырылганы айтылган. Суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айткандар Кызыл-Октябрь айылында былтыртан бери нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат.
10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.
Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде да кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берип жатып, талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага да ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган. Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.
Оставьте первый комментарий